Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Акенеев: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда кооптоно турган жагдай жок


Бул тууралуу эксперт Жумакадыр Акенеев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун Казакстанда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу “Азаттыкка” пикирин билдирди.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жер титирөө болуп кетсе, Кыргызстандын Камбар-Ата-1 жана Тажикстандын Рогун ГЭСтеринин дамбалары жарылып кетиши мүмкүн деп кооптонгонун бүгүн Астанада маалымат жыйында билдирген.

CA-NEWS агенттигинин жазганына караганда, Каримов аталган эки ГЭС тең жер титирөө ыктымалдыгы жогору аймакта курулуп жатканын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан ГЭСтердин курулушуна кызыкдар экенин, бирок сөз аймактагы эки ири чек араны кесип өткөн Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя тууралуу болуп жатканын белгилеген.

Эксперт Акенеевдин айтымында, ГЭСти куруу үчүн изилдөө, экспертизанын бардыгы СССР убагында өткөрүлгөн. “Ошондуктан кооптонууга негиз жок. Биз Нарын суусунун мүмкүнчүлүгүн пайдаланышыбыз керек. Биз кез-кез газ албай калабыз, бирок Өзбекстан сууну үзгүлтүксүз алып атат”, - деди Акенеев.

Өзбекстан 2007-жылдан бери эле Кыргызстандын Камбар-Ата-1 жана Тажикстандын Рогун ГЭСтеринин курулушуна каршы чыгып келатат. Эксперттер Өзбекстан болочоктогу ал ГЭСтердин курулушу өлкөдөгү суу таңкыстыгына алып келет деп кооптонуп жатат дешет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG