Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Дамаск: жардырууда 5 киши набыт болду


Сириянын мамлекеттик сыналгысы билдиргендей, мотоцикл жарылганда беш коопсуздук кайгуулу набыт кетип, бир нече киши жарадар болду. Жардыруу динзарлар жума намаздан чыгып жатканда орун алды. Мунун алдында оппозиция өкүлдөрү Дамасктын жанынан 45 кишинин өлүгү табылганын кабарлашкан.

Европа биримдигинин Тышкы иштер комиссарынын маалымат катчысы Майкл Манн "Азаттыкка" Сириядагы гуманитардык максаттарга 50 миллион евро бөлүнөөрүн бышыктады.

Ал ошондой эле Түркиянын Сирияда качкындар үчүн коопсуздук тилкесин түзүү сунушун ишке ашыруу үчүн аны Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бир добуштан колдошу керектигин эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG