Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Журналисттер шахмат жана бильярд боюнча мелдешүүдө


Бишкекте журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун элесине арналып, журналисттер арасында мелдеш өтүп жатат. Мелдеш шахмат жана бильярд боюнча уюштурулган.

“Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, шахматта Курманбек Тургунбеков, Кыялбек Урманбетов, Талант Конокбаев, Түгөлбай Казаков мыкты оюн көрсөтүп жатышат. Ал эми Азамат Кыязов, Өмүрбек Сатаев, Кыяс Молдокасымов, Төлөгөн Карыбеков бильярдды жакшы ойноп жатышат. Азырынча жеңүүчүлөр белгилүү боло элек.

Быйыл Мелис Эшимканов атындагы фонд түзүлүп, интернет сайт ачылган. Фонд жыл сайын спорттук мелдештерди өткөрүп турмакчы. Ар жылы мыкты жазган журналистке 100 миң сом сыйлык берилет. Журналист Мелис Эшимканов 2011-жылы каза болгон. (AKu/KM)

XS
SM
MD
LG