Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

8 айда 22 миллиард сомдон ашуун салык чогулду


Кыргызстанда жыл башынан августка чейин 22 млрд. 675 млн салык чогулган. Ушул эле аралыкта бажы кызматына 18 млрд. 200 миллион сом түшкөн. Мындай маалымат өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7-сентябрда өткөргөн бюджеттин аткарылуусу боюнча жыйында айтылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйынга катышкан экономика министри, бажы жана салык кызматтарынын башчыларына бул эки тармактан түшчү кирешени, ички дүң продукцияны болжолдоо ишин жакшыртуу тапшырылды. Өкмөт башчы каржы министрине жылдын аягына чейин болжолдонгон бюджетке жараша чыгымдарды кыскартуу сунушун киргизүүнү тапшырды. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG