Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Пакистан: 14 жаштагы тарса кыз абактан чыгарылды


Үч жума илгери Куранды кордоду деп камакка алынган пакистандык тарса кыз ишемби күнү күрөө төлөнүп, абактан чыгарылды. Августтун ортосунда жергиликтүү молдо 14 жаштагы христиан кызды Курандын өрттөдү деп күнөөлөгөндөн улам камакка отургузулган эле. Күнөөсү далилденсе, Римша Масих өмүр бою түрмөгө кесилмек же атууга өкүм болмок. Бирок 1-сентябрда молдонун өзү да тарса кызга жалган доомат арткан деп камалган. Соту жума күнү акылы кем экенин доктурлар тастыктаган тестиер кызды 10,5 миң доллар күрөөгө чыгаруу жөнүндө өкүм чыгарды. Бүгүн түрмөдөн бошотулган кыз тикучар менен ата-энеси күтүп жаткан кооптуу жайга жеткирилди. Римшанын адвокаты күрөөнү эки адам төлөгөнүн ырастады. Окуя эл аралык коомчулукта чоң нааразычылыктарды жараткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG