Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Бишкекте мода фестивалы өтөт


Бүгүн А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Эл аралык сулуулук күнүнө карата “Сулуулук жаратмандардын күнү” аттуу мода фестивалы өтөт. Анда дизайнерлер Дилбар Ашимбаева жана Замира Молдошеванын ойлоп тапкан кийимдери көрсөтүлөт. Андан сырткары "Проfashion" телесынагында кийим тигүү, модель тандоо жана анын келбетин жасалгалоо боюнча ат салышкан 7 топтун тиккен кийим-кечектери элге сунулат.

Салтанатта калыстар тобу теледолбоорго катышкан 7 топтун ичинен бирөөнү жеңүүчү катары тандайт. Ар бир топ 5 адамдан турат. Уткан тайпа Парижде өтө турган мода жумалыгына жолдомо алат.

9-сентябрь Эстетика жана косметология боюнча эл аралык комитеттин чечими менен Эл аралык сулуулук күнү деп кабыл алынган. (AKu)

XS
SM
MD
LG