Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Обама атаандашынан ат чабым алдыда баратат


АКШнын азыркы президенти, алдыдагы шайлоодо демократиялык партиядан талапкер Барак Обама республикачы атаандашы Митт Ромниден алдаганча кадыры артып кеткенин коомдук сурамжылоолор көрсөтүүдө. Буга демократтардын жогорку деңгээлде өткөргөн съезди таасир этти дешет серепчилер. Акыркы ирет “Бүгүн шайлоо өткөрүлсө сиз кимге добуш бересиз?” - деген социологиялык сурамжылоодо суралгандардын 47% Обамага, 43% Ромниге добуш берээрин билдиришкен. Сурамжылоого катышкандардын жарымы Барак Обаманы “президенттик кызматка татыктуу жана акылдуу” деп эсептешет, - деп жазды ИТАР-ТАСС агенттиги.

АКШда президенттик кызматка шайлоо 6-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG