Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Виталий Кличко чемпиондук титулун сактап калды


Украиналык оор салмактагы мушкер Виталий Кличко германиялык атаандашы Мануэля Чарраны кечээ кечинде Москвада өткөн беттешүүдө утуп алды. Кличко өзгөчө артыкчылык көргөзүп, 4-раундда калыс беттешти токтотту. Төрт жыл мурун рингге кайтып келген Виталий Кличко ушуну менен тогузунчу ирет WBC версиясы боюнча чемпиондук титулун сактап калды. Ал бокстук карьерасында 47 жолу таймашка чыгып, 2 гана жолу утулган.

Виталий Кличко Кыргызстандын Чүй облусунун Ак-Суу шаарчасында төрөлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG