Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Муфтийлер: Ислам радикалдашып баратат


Эл аралык "Мусулман биримдиги" экинчи конференциясынын катышуучулары. Бишкек, 9-сентябрь, 2012.
Эл аралык "Мусулман биримдиги" экинчи конференциясынын катышуучулары. Бишкек, 9-сентябрь, 2012.

Муфтийлердин Бишкектеги эл аралык жыйынында постсоветтик өлкөлөрдө ислам дини радикалдашып баратканы белгиленди.

9-сентябрда Бишкекте «Мусулман биримдиги» эл аралык экинчи конференциясы болуп, анда радикал ислам топторуна каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, салттуу ислам багыттарын өнүктүрүү зарылдыгы айтылды.

Таянарыбыз - ханафи мектеби

Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиев жыйында ачып жатып, аны өткөрүү максатына мындайча токтолду:

- Биз мында үммөттүн, мусулмандардын, диндин, мамлекеттин биримдигин максат кылып, анын өнүгүүсүнө, өсүүсүнө жана ынтымагына салым кошолу деп чоглуп жатабыз.

Жыйынга Орусиянын, Тажикстандын, Монголиянын муфтийлери, Казакстан муфтийинин орун басары, Пакистан жана Иерусалимден келген ислам аалымдары жана жергиликтүү эксперттер катышып, ислам дүйнөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу баяндама жасашты.

Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнуддин Орусиядагы исламдын абалына токтолуп,Татарстандагы муфтият жетекчилерине жана Дагенстандагы мусулман лидерине жасалган кол салууларды жана жардырууларды санап өттү.

- Аларды тыштан келген тыңчылар, же кайсы бир душмандар өлтүргөн жок. Аларды өзүбүздүн эле жарандар, “мен мусулманмын” деп айтып жүргөн өзүбүздүн эле мусулмандар өлтүрүштү. Адамга жанды Алла Таала өзү берген. Ошол гана аны алып койо алат. Бирок эмне үчүн анда адамдар кол көтөрүп, өзүнүн агайнын өлтүрүп жатат? Биз кандай абалга жеттик? Эмне үчүн кимдир бирөө келмени айтып жаткан өз агайнын чыныгы мусулман эмес деп, а өзүн чыныгы мусулман деп санайт?

Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы салттуу исламдагы ханафи мазхабын радикал исламчылар менен күрөшүүдөгү негизги курал деп атады.

- Радикалдарга жана сектанттарга каршы турууда натыйжалуу курал - расмий муфтияттар көзөмөлдөгөн, мамлекеттик бийликтер колдоого алган, ары сабырдуу, илгертен КМШ мамлекеттеринде үстөмдүк кылып келген ханафи мектеби болуп саналат. КМШ мамлекеттеринин бардык диний лидерлери сектанттарга каршы туруу аракетинде ханафи мектебинин укуктук-эрежелерине таянат.

Дин - мамлекет коопсуздугуна байланган

Пакистандагы медреселер бирикмесинин тарагасы, аалым Али Омар Аббаси болсо исламдагы адашкан топтордун кемчилигин далилдеп, жалпыга жарыя кылып туруу керек дейт. Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов да салттуу исламды бекем кармоо зарылдыгын айтууда. Ал Кыргызстанда ислам жаматтарындагы бөлүнүп-жарылуучулукту жана туура эмес агымдардын ишин ачык айтууга, аларга каршы идеологиялык күрөш жүргүзүүгө мезгил жетти деп билдирди.

Ал эми Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдукадирзада радикал исламчылар тууралуу мындай дейт:

- Бул жамааттар, бул күчтөр мусулмандардын бир болуусуна тоскоолдук кылып жатат. Биз аларга жол бербешибиз керек. Балким алар динди туура эмес түшүнүп алгандар болушу мүмкүн. Бирок ошол эле кезде алар биздин бир туугандар. Алар менен жакшы отуруп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров болсо ислам дининдеги бөлүнүп-жарылуучулукту мамлекеттин коопсуздугу менен байланыштырды.

- Менимче, диний уюмдардын ишинен мамлекет таптакыр эле четтеп калбоого тийиш. Анткени ал биздин өлкөнүн жарандарынын тутунган ишеними, алардын келечек тагдыры менен тыгыз байланышкан. Маселе маңызы - мамлекет коопсуздугу, эл амандыгы, журт бүтүндүгү тууралуу жөнүндө болуп жатат.

Талдоочулардын айтымында, акыркы жылдары КМШ өлкөлөрүндө жихадчыл радикал исламчылардын таасири кескин күчөгөн. Алардын Кыргызстанда да тамыр жайып баратканы белгиленүүдө.
XS
SM
MD
LG