Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Клинтон: АКШ менен Орусия Сирия маселесинде тил табыша элек


Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу уюмунун саммитинен кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон журналисттер үчүн маалымат жыйынынын өткөрүп, орус бийлигин сынга алды. “АКШ менен Орусия Сириядагы жаңжал боюнча жана адам укугу маселесинде эки ача пикирде”, - деди Клинтон. Ал ошондой эле Орусияда жаңы кабыл алынган “жарандык коомдун ишмердигин чектеген жана Орусиянын келечеги үчүн саясий маселелерди ачык айтып чыккандарды соттогон” мыйзамдарга тынчсыздануу билдирди.

Буга чейин АКШ орус бийлигинин бейөкмөт уюмдарды чектеген мыйзамдарына жана Pussy Riot тобунун кыздарынын соттолушуна каршы нааразылык билдирген болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG