Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Мурзараимов: Диний сабатсыздыкты жоюу керек


Кыргызстандагы диний кырдаалдын тегерегинде теология илимдеринин доктору, дин таануучу Бакыт Мурзараимов ой бөлүштү.

"Азаттык": Исламдын радикалдаша башташын чыныгы идеологиялык күрөш катары караса болобу, же бул атайын бүлүк салыш үчүн жасалып жаткан чагымчыл аракетпи?

Мурзараимов: Идеологиялык жактан күрөш катары да, атайын чагымчыл күчтөрдүн элдин тынчтыгына, амандыгына доо келтирүү үчүн бүлүк салуу аракети катары да бааласак болот. Муфтийлер исламдагы радикал күчтөр жөнүндө ачык айтып, күрөшүүгө мезгил келип жетти деп айтышты. Бирок менин оюмча, бир аз кеч калышты. Анткени бул маселени көптөн бери айтып келатабыз, бирок саясый туруксуздуктун айынан ага эч ким көңүл бурбай жатат. Радикал күчтөрдүн алдын тороп күрөшүү өз натыйжасын бербейт. Муну ачык эле айтып коюш керек.

“Азаттык”: А кандай жол бар?

Мурзараимов: Бир эле жолу бар – элдин диний билимин, сабатын жогорулатыш керек. Элдин, айрыкча жаштардын динге болгон кызыгуусу күчөп жатпайбы. Ошону тиешелүү деңгээлде канааттандырыш керек. Мектептерге дин таануу, дин тарыхы деген сабактарды киргизе албай келатабыз. Өкмөткө да ушуну жеткире албай убарабыз. Анысы аз келгенсип, жогорку класстардагы адеп-ахлак деген сабакты алып, ордуна башка сабак киргизип жатышат. Дин деген өзүнчө чоң окуу да. Ар кандай тармактары, багыттары бар. Ошонун баарын өсүп келаткан муунга мунусу мындай, тигиниси тигиндей деп ачык айтышыбыз керек. Азыр ар кандай радикалдуу күчтөргө кирип кеткендер андай билим алган эмес да.

“Азаттык”: Радикалдашууну идеологиялык күрөш катары да, чагым катары да караса болот дедиңиз... Атайын чагымчыл аракет деп кароо канчалык негиздүү?

Мурзараимов: Исламга каршы болгон, атын тактап айтпай эле коёлу, миссионерлерин жиберген өлкөлөр бар. Алар өз ишин кенен жүргүзүшү үчүн ошондой радикалдуу топторду биздин мамлекетке саясат катары астына чыгарып коёт да. Кыргызстанда радикалдуу диний топ дегенде эле эске хизбутчулар келет. Элдин баары ошону менен күрөшүүгө убактысын кетирип, алектенип жүргөнсүйт. Бирок бул жакта башка диндин “Хизб-ут Тахрирден” да өткөн идеологиясы катуу жамааттар бар. Ачыгын айталы – христиан жамааттарда. Ошолор тымызын иштеп жатат. Эгерде биздин мамлекетте “Хизб-ут Тахрир” деген маселе болбогондо анда тигилер балчайып көрүнүп калмак да биздин өкмөт ошолорго каршы күрөшмөк.

“Азаттык”: Азыркы саясый абалга өлкөдөгү диний процесстер кандайдыр бир таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Мурзараимов: Сөзсүз. Себеби бизде азыр түрдүү диний идеологиялык көз караштагы адамдар бар. Намаз окуп, динге ишенген адамдар өкмөттө, парламентте бар. Муну деле оң мааниде таасир тийгизүү катары бааласак болот. Бирок тескери мааниде да болуп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Кандайча?

Мурзараимов: Мисалы, ислам дегенде биз Куран менен сүннөткө баш ийип жашоону түшүнөбүз. Өзүн мусулманмын деп бирок башка, туура эмес жамаатка ишенип алган адамдардын деле кээ бири бийликке келип калышы ыктымал. Азыр андай жок, бирок эгер келечекте ошондой болуп калса, анда ал адам ошол жамааттын идеологиясынын таламын талашышы мүмкүн.

“Азаттык”: Ушуга байланыштуу суроо. Мамлекет диний уюмдарды көзөмөлдөшү керекпи, мисалы кошуна өлкөлөрдөгүдөй кылып, же азыркысы эле туурабы?

Мурзараимов: Динди мамлекеттен бөлүп салгандан ушундай көрүнүштөр чыгып жатпайбы. Жок дегенде кандайдыр бир бөлүгүн көзөмөлгө алышы керек. Жок эле дегенде диний билим берүү жагын. Ар кимдин ар жакта окушуна тыюу салып, бирдиктүү программа иштеп чыгып, диний сабатсыздыкты жоюш керек.
XS
SM
MD
LG