Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Апрель окуясы боюнча сотко Суталинов келген жок


Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири, УКМКнын мурдагы жетекчиси Муратбек Суталиновдун саламаттыгы начарлап жатканын билдирген адвокаты анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылды. Айыптоочу тарап болсо Суталиновдун баш коргоо чарасы Жогорку Сот тарабынан чечилгенин белгилеп, каршы чыгышууда. Мурат Суталинов дарыланып жатканына байланыштуу бүгүнкү сот жараянына келбегени айыптоочу жана жабырлануучу тараптын нааразылыгын туудуруп, алар сот төрагасынан Суталиновду сотко апкелүүнү талап кылышты. Азыр бул маселе боюнча талаш-тартыш болуп жатканын жабырлануучулардын өкүлү, “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун башчысы Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” билдирди.

Апрель окуясы боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге айып тагылган. Буга байланыштуу соттук териштирүү 2010-жылдын ноябрь айынан бери жүрүп келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG