Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Текебаев: Баш мыйзамдын тексти алмашкан эмес


“Ата Мекен” партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев “Баш мыйзамдын текстин алмаштырып койгон” деп өз дарегине айтылып жаткан сөздөрдү бүгүнкү маалымат жыйынында жокко чыгарды. Анын айтуусунда, 2010-жылы 27-июнда референдумга коюлган Баш мыйзамдын текстине Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү кол койгон. Текебаев Баш мыйзамга өзгөртүүлөр референдум аркылуу гана киргизилерин белгилеп, өзүнө карата айтылып жаткан айыптоолорду иликтөөчү атайын комиссия түзүлүүсүн талап кыларын билдирди. Ал бул маселени жакынкы күндөрү парламенттин жалпы отурумуна алып чыкмакчы.

- Мен дагы бир жолу баса белгилеп айтып коёюн, 2010-жылы октябрда шайланган парламент мыйзамсыз жана тарашы керек” деген талаптар негизсиз, - деди Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандын азыркы Конституциясы 2010-жылы апрель окуясынан кийин өзгөртүлгөн. Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды жазган комиссиянын төрагасы болчу.
Буга чейин “Республика” фракциясынын айрым депутаттары Өмүрбек Текебаев референдумга коюлган Баш мыйзамдын текстин алмаштырып жиберген деген маалыматты айтып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG