Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Чубак ажы Жалилов уламалар кеңешинен чыгарылды


Мындай чечимди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы Уламалар кеңеши ишемби күнкү жыйында кабыл алганын бүгүн “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов кабарлады. Анын айтымында, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Уламалар кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн “ишинде орой каталарга жол бергени үчүн” деген негиз менен чыгарылып, анын ордуна азыркы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев шайланды.

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов 16-июлда кызматынан өз эрки менен кеткен болчу. Ал мындай чечимин мусулмандар арасындагы тынчтык үчүн жана саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирген. Ага чейин айрым дин өкүлдөрү Чубак ажы Жалиловдун кызматтан кетишин талап кылып, атаандаш муфтият түзүлгөнүн жар салышкан эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG