Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Баткен: Кыргыз-тажик милициясынын өкүлдөрү жолугушууда


Бүгүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Тажикстан менен Кыргызстандын ИИМ орун басарларынын жумушчу жолугушуусу болууда. Анда эки өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактарындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды жоюуга биргелешкен аракеттерди көрүү маселеси талкууланып жатат. Кыргызстан тараптан ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Тажикстандан Сайдхон Журахонов жетекчилик кылган бул жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери да катышууда. Жолугушуунун жыйынтыгында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, диний экстремизмге бөгөт коюу, маңзат соодасына каршы туруу жана ар кандай мыйзамсыз аракеттерге каршы чек арадагы милициянын биргелешип аракеттенүүсү боюнча протокол-меморандумга кол коюлары күтүлүүдө.(JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG