Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Орусия НАТО башкатчысынын Тбилисидеги сөзүнө нааразы


Москва НАТОну 2008-жылкы Түштүк Кавказдагы окуялардан сабак албады деп эсептейт. 6-сентябрда НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Тбилисиде болгон кезде Грузиянын “болочок үйү НАТОдо” деген эле. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Лукашевич дүйшөмбү күнү журналисттер менен жолугушууда “жогорудагыдай билдирүүлөр НАТО 2008-жылы Түштүк Кавказда болгон трагедиялык окуялардан сабак албаганын жана Тбилисиге “көкүткөн сигналдарды ” жиберүүнү токтотпогонун шарданалайт” деди. Лукашевичтин айтышынча, Москвада Грузиянын НАТОго балким кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр региондун коопсуздугун бекемдебейт жана грузин жетекчилигин “региондогу саясый чындыкты тааныбаганга түртөт” деп санашат.

2008-жылы Орусия-Грузия согушунан соң Москва жикчил региондор: Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG