Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Аба ырайы


Синоптиктердин билдиргени боюнча, 11-сентбярь күнү Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет, багыты өзгөрүлүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүзү 30...35 градус ысык, Таласта түнкүсүн 5...10, күндүзү 29...34 градус, Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүзү 28...33 градус ысыйт. Ош, Жалал-Абат облустарында түнкүсүн 13...18, күндүзү 30...35 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүзү 22...27 градус, Нарында түнкүсүн 6...11, күндүзү 25...30 градус ысык болот. Суусамыр өрөөнүндө жана тоолордо түнкүсүн -3...2 градус, күндүзү 16...26 градус жылуу болот.

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүзү 33...35 градус ысык болот. Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги суунун температурасы 10-сентябрда эртең менен 20 градус жылуу болду.

XS
SM
MD
LG