Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Ооганстанда жанкечти 21 адамдын өмүрүнө зобун кылды


Ооганстандын Кундуз шаарында базардын ортосунда жанкечти жардырган бомба кеминде 21 адамдын өмүрүн алды, аз дегенде 15 киши жарадар болду. Кундуз провинциясынын полиция акиминин орун басары Мухаммед Фархаддын маалымдашынча, жанкечти бомбаны полициячылардын жанына барып туруп жардырган. Оогандардын “Шамшад” телеканалы өлгөн адамдардын 20сы полициячылар менен аскерлер экенин кабарлады. Полиция жергиликтүү таасирлүү саясатчынын бейкүнөө жарандарды өлтүрдү деп күнөөлөгөн демонстрация маалындагы тартиптин сакталышын көзөмөлдөп турган.

XS
SM
MD
LG