Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Жапония талаштуу аралдарды сатып алганга кызыкдар


Жапония Кытай талашып жаткан аралдарды аралдарга ээлик кылган жеке адамдардын сатып алганга макул экенин билдирди. Жапон өкмөтүнүн башкатчысы Рсаму Фужумура дүйшөмбү күнү билдиришинче, максат Чыгыш Кытай деңизиндеги эл жашабаган аралдарды мүмкүн болушунча тез жана тынч жол менен улутташтырып, көзөмөлгө алуу.

Маалымарттарга караганда, аралдардын куну 26 миллион доллар болот. Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябао дүйшөмбү күнкү жообунда Бээжин эч качан өз аймагынын бир теше жерин да талашканга жол бербесин айтты. Бээжин өзүнүкү санаган аралдарды жапондор Сенкаку, а кытайлар Дяоюйдо деп аташат. Жапониянын ырасташынча, бул аралдар өлкөгө 1895-жылдан тарта карайт. Аралдар 1895-жылы Кытай-Жапон согушунан кийин өткөн.

Кытай 1783 жана 1785-жылкы жапон карталарында аралдар Кытайдыкы деп көрсөтүлгөнүн айтат. Экинчи дүйнөлүк согуш кезде аралдар АКШнын көзөмөлү астында болуп, 1971-жылы Жапонияга кайтарылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG