Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

АКШ: диний эркиндик чектелүү бойдон калып жатат


Кошмо Штаттары дүйшөмбүдө ирандык чиркөө башчысы Юсеф Надарканинин түрмөдөн бошотулушуна колдоо билдирди. «Исламга шек келтирди» деген кине менен өлүм жазасына буйрулган Надарканинин адвокаты "Азаттыктын" Иран кызматына билдиргендей, айыптоочулар «исламга акаарат келтирген деген кинени күчүнөн кетирип, анын кардарын ишемби күнү бошотушту. Адвокаттын айтымында, Надаркани мусулмандарды христиан динине үгүттөгөн деген айып менен 2009-жылы үч жылга кесилген жана азыр түрмө мөөнөтү аяктагандан кийин чыгарылды. Мамдепартамент өз билдирүүсүндө пастордун бошотулганына колдоо билдирген менен, Иранда диний эркиндиктердин абалы «оор» бойдон кала берип жаткандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG