Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Түлеевдин адвокаты Жогорку Сотко арызданат


Кечээ Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди үй камагына чыгаруу боюнча адвокатынын арызын канааттандырган жок. Мындан улам анын адвокаттары Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын адвокаттарынын бири Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Ал сот саясий буйрукту аткарып, мыйзамды бузуу менен депутатты үй камагында калтырды деп эсептейт.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, учурда “Ата-Журт” партиясынан депутат Нариман Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирген деп айыпталган эле. 15-августта Жогорку Сот Нариман Түлеевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Бирок ошол эле күнү Башкы прокуратура Түлеев мэрликти аркалып турганда “Тазалык” ишканасына автоунааларды сатып алган учурда мамлекет үчүн зыяндуу келишимге кол койгон жана Бишкектеги бала бакчанын имаратын мыйзамсыз саткан деп кылмыш иш козгоп, боштондукка чыгарган эмес.

Соттун чечимине нааразы болгон Түлеевдин Нарындагы колдоочулары 12-сентябрдан баштап Бишкек-Торугарт жолун бөгөп, мөөнөтсүз митингге чыгышаарын билдиришүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG