Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:16

Кыргызстанда ташып кетүү коркунучунда турган 13 тоо көлү бар


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков билдирди. Алимбековдун айтымында, Бишкектен жогору жактагы Тез-төр көлү ташып, шаар калкына коркунуч жараткан соң министрлик өлкөдөгү тоо көлдөрүн кыдырып, мониторинг жүргүзгөн. Мунун жыйынтыгында, өлкө аймагында 4 миң метрден бийик жайгашкан 13 тоо көлүндө топтолгон суунун деңгээли жогорулап, ташып кетүү коркунучунда турганы аныкталган.

Алимбеков бул көлдөр өтө эле бийикте жайгашкандыктан тосмо курууга мүмкүн эмес экенин билдирди. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин адистери көлдөрдө топтолгон сууну аз-аздап агызуу жолдорун иштеп чыгууда.

Буга чейин Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын жана шаардыктарды дүрбөлөңгө салган эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG