Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

Фтизиатрия борборунун дарыгерлерине кылмыш иш козголду


Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборунун каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерип, жетекчи кызматтагылар 753 миң сом мамлекет казынасына чыгым алып келгенин аныктады. Аталган борбордун жетекчилери гуманитардык жардам катары келген медициналык жабдууну убактылуу колдонуп туруу үчүн Кургак учукка каршы күрөшүү коомдук ассоциациясына үч жылга берип койгон. Бул боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенимдүү мүлктү коротуу же өзүнө ээлик кылып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, текшерүү учурунда дагы башка мыйзам бузуулар аныкталган. Кылмыш иши мындан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG