Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

“Хизб-ут Тахрир” өкүлдөрү “Дордойдогу” талап-тоноого катышкан


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери “Дордой” базарынын аймагындагы талап-тоноонун бетин ачты. Окуяга тиешеси бар деп кармалгандар арасында Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик “Хизб-ут Тахрир” уюмунун өкүлдөрү бар. Алардын бирөө мурда дагы "улут, расалык, дин жана аймактык мамилеге чок салган" деген берене боюнча соттолгон. Учурда алар ИИМдин убактылуу кармоо жайында камалууда. Тергөө, иликтөө иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, 30-август күнү аталган базардагы акча алмаштыруу жайына куралданган, бет капчан үч белгисиз адам кирип барган. Алар ошол жерде иштегендерди коркутуп, 80 миң доллардай акчаны алып кетишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG