Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Кытай талаш аралдарга сакчы кемелерин жөнөттү


Жапония жана Кытай талашкан аралдар.
Жапония жана Кытай талашкан аралдар.
Мамлекеттик “Синьхуа” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, эки сакчы кеме Дяоюйтай аралдарынын айланасындагы сууларга жетти жана алардын сапарынын максаты “өлкө суверенитетин коргоо”.

Кытай сакчы кемелерин жөнөткөн аралдарды коңшу Жапонияда Сенкаку деп аташат.

Бүгүнкү жаңылык алдында Жапония кечээ Чыгыш Кытай деңизиндеги калк жашабаган үч аралды сатып алууну алардын менчик ээлери менен макулдашканын жарыялаган.

Аралдарга байланышкан талаш Кытай менен Жапониянын мамилесинде чыңалуу күчөшүнө алып барды.

Жапон өкмөтү аралдарда менчик ээлеринен сатып алуу планынын аларды тынч жана стабилдүү башкаруу үчүн деп түшүндүрсө, Бээжин жапон өкмөтүнүн кадамын мыйзамсыз деп эсептеп, бул эки өлкөнүн алакасына терс кесепетин тийгизүүсү мүмкүндүгүн эскерткен.

Эки өлкө талашкан аралдар кеме каттоочу ири жолдорго жакын жайгашкан. Аларда газдын ири кору болушу мүмкүн деген да божомолдор бар. (UE)

XS
SM
MD
LG