Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Муфтият өкмөт тааныган окуу жай ачууга ниеттенүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтий Рахматулло ажы Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы диний жана техникалык сабактарды бириктирип, Билим берүү министрлиги тааный тургандай окуу жай түзүүгө ниеттенип жатат. Аны министрлик жана муфтият көзөмөлдөшү керек. Бул Кыргызстандагы ар кандай диний агымдарды айырмалап билүүгө жардам берет. Мындан сырткары мектепке дин тарыхы сабагын киргизүү аракеттери көрүлүүдө. Бул үчүн диний сабак боюнча стандарттык программа иштелип чыккан.

Кыргызстанда ондогон конфессиялар жана диний агымдар иш алып барат . Муфтият бир катар кооптуу диний агымдар бар экенин белгилеп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG