Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

ИИМ экстремисттик материалдар үчүн кылмыш иш козгоону сунуштоодо


Ички иштер министрлиги интернет сайттарга экстремисттик материалдарды жарыялаган үчүн кылмыш иш козгоп, сайтты жабууну сунуштап жатат. Мындай өзгөртүү “Экстремисттик аракеттерди алдын алуу жөнүндө” мыйзам долбооруна киргизилгени жатат. Ички иштер министрлигинин Экстремизм менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбековдун “Азаттыкка” айтымында, бул багытта жаңы методдорду колдонуу зарыл болууда.

“Мурда экстремисттик уюмдар ар кандай идеясын баракча, китеп түрүндө таратып, элди үндөп келсе, учурда жогорку технологияны, интернетти колдонууда. Ошондуктан алар менен күрөшүүдө мурдагы аракеттер күчсүз болуп калууда. Эстремисттик топтор интернет булактарын колдонгон көп фактылар катталууда. 2005-жылы кабыл алынган мыйзамда бул багыт эске алынбай, чийки болуп калган”, - дейт Жээнбеков.

Бул өзгөрүүлөргө ылайык, экстремисттик маанайдагы материалдар жарыяланган интернет сайттар чет өлкөдөн чыкса да соттун чечими менен Кыргызстандын аймагында тыюу салынат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG