Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Орусияда азери жамаатынын жетекчиси кол салуудан аман калды


Ульяновск областында жергиликтүү азери жамаатынын жетекчиси Ислам Гусеинов кечээ күнкү кол салуудан аман калды. Бүткүл орусиялык Азербайжан курултайынын жергиликтүү өкүлү жеңил жараат менен ооруканага жаткырылды, бирок анын ок жеген жан сакчысы каза тапты. Кол салуунун себеби тууралуу маалымат боло элек. Тергөө жүрүп жатат. Орусиядагы азери жамаатынын көрүнүктүү өкүлдөрүнө буга чейин да кол салуулар болуп келген. Ал эми май айында Украинанын Донецк шаарында жергиликтүү азери коомунун жетекчиси Игбал Махмудовду Макиевка шаарында белгисиз киши атып кеткен.

XS
SM
MD
LG