Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Пакистанда суни экстремист боштондукка чыкты


Пакистанда тыюу салынган суни экстремисттик тобунун жол башчысы күрөөгө бошотулду. Адвокат Ариф Мехмуд Рананын билдиришинче, "Лашкар-э-Жхангви" уюмунун жетекчиси Малик Исхак Лахор шаарындагы түрмөдөн бошотулду. Исхак суни көпчүлүгү менен шийи азчылыгынын ортосундагы тиреш күч алган маалда сүйлөгөн сөзү үчүн 19-августта камакка алынган. Ондогон киши өлтүрүүлөр боюнча шектелген Исхак 2009-жылы Лахордо Шри Ланканын крикет командасына кол салууну уюштурган деп да айыпталган. Ал кол салууда бир нече оюнчу жараат алып, сегиз пакистандык набыт болгон. Жүздөгөн шийилерди өлтүрдү деп айыпталып келаткан "Лашкар-э-Жхангви" "ал-Каида" менен алакасы болгон Пакистандагы эң ашкере суни экстремисттик тобу деп саналат.

XS
SM
MD
LG