Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Мамлекеттик комиссия текшерерде жабылып калган Кумтөрдөгү фабрика ишке кирет


Алтын кенин иргөөчү фабрика 17-сентябрдан тартып кайра иштей баштайт. Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, бул ишкана 6-августта, айрымдар болжогондой комиссиянын ишине бут тосуш үчүн эмес, техникалык авариядан улам токтоп калган.

Сариевдин сөзүнө караганда, Кумтөрдү экономикалык, укуктук багыттар боюнча текшерүү сентябрда бүтөт. Ал эми экологиялык анализ дагы бир канча убакытка созулат.

Июнда парламент "Кумтөрдүн" лицензиясын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган. Депутаттар кендеги абалды иликтөөгө 1-ноябрга чейин убакыт берген. Темир Сариев бул мөөнөт сакталар-сакталбасын тактаган жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG