Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Коррупцияга күнөөлөнгөн губернатордун орун басарынын иши сотко өттү


"Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин каражатын өз кызыкчылыгына жумшаган" деп шектелген Ысык-Көл губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаевага ачылган кылмыш иш Каракол шаардык сотуна өткөрүлдү. Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, губернатордун орун басары Нурбүбү Кененбаева 2010-жылдын ноябрында айрым бир документтерди бурмалап, Ата мекендик согуштун ардагерлерине деп бөлүнгөн 70 миң сомдон ашык каражатты өз кызыкчылыгына жумшаган.

Азыркыга чейин өз кызматында иштеп жаткан Кененбаева бул каражатты тергөө учурунда кайтарып берген.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарымдуу өкүлү Мирбек Асанакуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кененбаеваны иштен бошотуу боюнча сунуш 5-сентябрда гана өкмөткө жөнөтүлдү. (BkA)

XS
SM
MD
LG