Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Ысык-Көлдө былтыркыга караганда маңзат боюнча кылмыш көп катталды


Облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Түлөбаевдин “Азаттыкка” айтымында, быйыл 10 миң гектарга жакын жер иликтенип, анын 1800дөйүнө кара куурай өскөнү аныкталды. Анын айтымында, учурда механикалык жол менен 167 гектар, химиялык жол менен 648 гектар жер тазаланды. Түзүлгөн бригадалар аркылуу кол менен ишембилик өткөрүп, 281 гектар жок кылынды.

Жапайы кара куурай Ысык-Көл облусунун көпчүлүк райондорунда жыш өсөт. Гашиш, марихуана алынган бул өсүмдүк тоо-адырларда эле эмес, айыл ичинде көчө бойлой, там-таш короолордо, эгилген өсүмдүктөр арасында кеңири кездешет. Кыргызстанда жапайы кара куурай негизинен Ысык-Көлдөн башка Чүйдө жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда өсөт. (КЕ/EBM)

XS
SM
MD
LG