Өрт Карачи шаарында, кездеме фабрикасында чыккан. Полициянын айтымында, андан соңку эсептер боюнча 100дөн ашуун киши каза тапкандан тышкары, 30дан ашуун киши жаракат алды.
Өрт өчүргүчтөрдүн айтымында, курмандыктардын бир бөлүгү фабрика имаратынын жер төлөсүндө камалып, түтүнгө уугуп каза табышкан.
Ал эми өйдөңкү кабаттарда иштеген жумушчулар өрт учурунда чыгуучу кошумча эшиктер жок болгондуктан айнектердин артында калышкан. Жалпысынан өрт чыккан фабрикада 450дөй жумушчу иштейт.
Буга чейин кечээ Лахор шаарында бут кийим жасоочу дагы бир фабрикада болгон өрттөн кеминде 23 адамдын өмүрү кыйылган. (UE)