Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Дүйнө державалары Иран уран байытууну кеңейткенине терең тынчсызданат


Дүйнө державаларынын Иран уран байытуу программасын кеңейткенине жаңы тынчсыздануусу МАГАТЭнин резолюциясында айтылары күтүлүүдө.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Венадан билдиргендей, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин учурда жыйын куруп жаткан Башкаруучулар кеңеши резолюция долбооруна эртең добуш бериши мүмкүн.

Дипломаттардын айтымында, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия, АКШ резолюция текстин макулдашты.

Анда өзгөчө тынчсыздануу Фордо комплекси боюнча айтылат. МАГАТЭнин соңку баяндамасында Иран бул комплексте уран байытууда колдонулуучу жабдуу – центрифугалардын санын эки эсеге чейин көбөйткөнү белгиленген.

Ирандын ырастоосунда ал уранды өзөктүк отун катары пайдалануу үчүн 20% байытууда, ал эми өзөктүк курал жасоодо 90% байытылган уран колдонулат. (UE)

XS
SM
MD
LG