Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

ТИМ: Бакиевди өткөрүп алуу үчүн саясий-дипломатиялык аракеттер уланат


Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана маданият бөлүмүнүн жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун “Азаттыкка” айтымында, Кыргызстан Беларустан Жаныш Бакиевди өткөрүп алуу боюнча ырааттуу түрдө саясий-дипломатиялык иш-аракеттерди улантат.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) аткаруучу комитетине Беларуста жүргөн Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси менен кайрылган.

Минск макулдашуусу боюнча кылмышка шектелип жаткан адам өз өлкөсүнө өткөрүлүп бериш керек. Ал эми КМШ аймагындагы конвенция, бир топ эл аралык келишимдерди ишке ашыра турган орган – бул КМШнын аткаруучу комитети.

Жаныш Бакиев 2010-жылдагы окуялардан кийин оор кылмышка шектелип, издөөдө жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG