Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Геология жана минералдык ресурстар агенттигине жаңы жетекчи келди


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп Ишенбай Чунуев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Бүгүн “Асаба” жана “Кыргыз улуттук кыймылынын” 50 чакты өкүлү Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдына митингге чыгышкан. Алар аталган агенттиктин жетекчиси Учкунбек Ташбаев кызматтан кетсин жана кендерди сатуу боюнча аукцион өткөрүлбөсүн деген негизги эки талап коюшкан болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG