Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

АКШ президенти Бенгазидеги кол салууну айыптады


АКШ консулдугу кол салуудан кийин. 12-сентябрь, 2012-жыл.
АКШ консулдугу кол салуудан кийин. 12-сентябрь, 2012-жыл.
Президент Барак Обама кол салууну “кыжыр келтирерлик” деп атаса, НАТО башкатчысы Андерс Фог Расмуссен “аны эч убакта актоого болбой турганын” белгиледи. Ал эми Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон “жек көрүүчүлүк” катары мүнөздөдү.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо теледен жасаган кайрылуусунда, кол салуу үчүн Ливия эли же өкмөтү эмес, “жапайы, бирок анча чоң эмес топ” жоопкер экендигин белгилеп, бул кол салуудан улам эле АКШ Ливия менен мамилесин үзбөй турганын кошумчалады:

- Биздин өлкөлөр ортосунда бирге күрөшүүдөн улам жаралган достук бул кол салуунун курмандыгы болбойт. Эркин жана стабилдүү Ливия – али деле Американын кызыкчылыгы жана коопсуздугу. Биз мындан жүз буруп кетпейбиз жана кол салуу үчүн жоопкерлер табылып, жазаланмайынча эс албайбыз.

Ливиянын Улуттук ассамблеясынын башчысы Мохаммед Магарифтин айтымында, өлкө бийликтери кол салуу үчүн жоопкерлерди жазага тартат.

Куралчан адамдар кечээ кечинде Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында, АКШ консулдугуна кол салганда элчи Кристофер Стивенс жана башка үч америкалык каза тапкан.



Маркум элчи Кристофер Стивенс.
Маркум элчи Кристофер Стивенс.
Кол салгандар жасалма бомба жана гранаталар менен чабуул жасашып, консулдук имаратын өрттөп жиберишкенге чейин талап-тоношкон.

Бенгазидеги кол салуу жана ага чейин коңшу Египеттин борбору Каирдеги демонстрация АКШда “Күнөөсүз мусулмандар” деген ат менен фильм чыккандан кийин болуп олтурат.

Демонстранттар ал фильм Мухаммед пайгамбарды келекелерин айтышууда.

Египетте азыр таасирлүү деп саналган “Мусулман агаиндер” кыймылы Мухаммед пайгамбарды кордогон фильмден улам демонстрацияларды ушул жума күнү өлкө боюнча уюштурууга чакырууда.

Буга чейин үзүндүлөрү You Tube сайтына коюлган фильмди “Уолл Стрит Жорнэл” басылмасынын жазганына караганда, Калифориниядан Сэм Бэсил ысымдуу проюдюсер чыгарган. (UE)

XS
SM
MD
LG