Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Тунис: АКШ элчилигинде демонстрация таркатылды


Тунистин баш калаасы Тунисте кечээ полиция ислам динине акаарат келтирет делген тасмага нааразы болуп, АКШ элчилигинин алдында чогулган адамдарды таркатуу үчүн көздөн жаш чыгарган газ колдонду. Тасманын айынан буга чейин АКШнын Ливиядагы консулдугунда америкалык элчи Крис Стивенс менен катар үч киши өлтүрүлгөн эле. Ал эми Египеттин баш калаасы Каирде 200 чакты киши америкалык байракты өрттөп, полицияны таш бараңга алды. Тунистин президенти Монсеф Марзуки америкалык элчинин жана анын үч кесиптешинин өлтүрүлүшүн «террордук акт» деп айыптады.

XS
SM
MD
LG