Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

"Исламга акаарат келтирген" тасманын режиссеру из жашырды


Исламга акаарат келтирди делген фильмдин режисеру изин суутуп кетүүгө мажбур болду. Египет менен Ливиядагы америкалык элчиликтерге кандуу кол салууга түрткү болгон тасманын автору Сэм Басиле жашырынып жүргөнү кабарланууда. Басилдин өзүнө шилтеме берип, маалымат каражаттарынын жазышынча, Калифорнияда курулуш тармагында иштеген Басил өзүн «израилдик жөөт» деп атады жана «бул тасманы исламды рак оорусу менен бирдей көргөндүктөн тарткандыгын» айткан. Тасмада Мухаммед пайгамбар аялдарды кыя бастырбаган аягы суюк алдамчы катары сүрөттөлөт. Басиле элчиликтерде кишинин каны төгүлгөнүнө өкүнүчүн билдирди.

XS
SM
MD
LG