Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Парламент Жогорку Сот судьяларын тандайт


Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары Жогорку Соттун судьялыгына сунушталган 25 талапкерди кайрадан тандайт. Парламенттин кечээки жыйынында судьяларга добуш беришкен. Бирок добуш берүү мыйзам бузуу менен коштолгону үчүн анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Талапкерлерге жашыруун добуш берүү учурунда жыйынга катышпаган эл өкүлдөрүнүн ордуна айрым депутаттар ишеним кат менен добуш беришкен.

Регламентке ылайык, ачык добуш берүүдө андай эреже каралган эмес.
Мындан улам депутаттар арасындагы көптөгөн талкуудан соң Жогорку Сот судьяларына кайрадан бүгүнкү жыйында добуш берүүнү чечишти.

10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп, президенттин кароосуна сунуштаган. Президент сунушталган талапкерлер ичинен 25ти тандап, парламентке жөнөткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG