Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 11:09

Ошто жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер жетишпей жатат


Бул тууралуу "Азатыкка" Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын бөлүм жетекчиси Шайырбек Шакиров билдирди. Учурда калаада 65 кызматкер бар, алардын 34ү көчөдөгү жол коопсуздугуна көз салат. “Бизге дагы 20дай кызматкер керек. Адистердин жетишсиздигинен 14 саатка чейин иштегенге мажбур болуп жатышат",- деди Шакиров.

Жыл башынан бери Ош шаарында 209 жол кырсыгы катталып, 17 адам набыт болгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки кишиге көп. Күн сайын калаада 88 миңдей автоунаа каттайт. Алардын 44 миңи шаар тургундарына таандык унаалар, калгандары кошуна райондордон келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG