Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Дүйнөдө балдар өлүмү азайды


Бул тууралуу бүгүн жарыяланган жаңы баяндамасында БУУнун балдар уюму – ЮНИСЕФ билдирди. Алардын эсебине караганда, беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүм акыркы 20 жылда дүйнөдө 40% кыскарган.

Мисалы, 1990-жылы дүйнөдө 12 миллионго жакын бала көз жумса, 2011-жылы бул көрсөткүч 6,9 миллионду түзгөн.

ЮНИСЕФ белгилегендей, балдар арасындагы өлүм азайышына бир жагынан кээ бир жакыр өлкөлөрдө жашоо оңолгону, экинчи жагынан балдарды эмгизүү, жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жакшырганы түрткү берди.

ЮНИСЕФтин баяндамасында белгиленгендей, 2011-жылы беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн 80% ашууну Түштүк Азия менен Африканын Сахара чөлүнүн түштүгүнө жайгашкан өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келген. (UE)

XS
SM
MD
LG