Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Парламент Жогорку Сот судьялыгына талапкерлерге добуш берди


Бүгүн Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына тандалган 25 талапкерге добуш берип, бардыгын колдоп берди. Талапкерлердин алды 83, арты 51 добушка ээ болушту. Соңунда депутат Жылдызкан Жолдошева айрым талапкерлерди өткөрүү үчүн соодалашуу болгонун, добуш берүүнүн жыйынтыгын атайын комиссия текшерүүсүн сунуштады. Мындай дооматты бюллетендерди эсептеген комиссия өкүлдөрү четке кагып, добуш берүү таза өткөнүн билдирип чыгышты. Бир саамдан кийин Жогорку Соттун жаңы судьялары парламентте ант беришет.

10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп, президенттин кароосуна сунуштаган. Президент сунушталган талапкерлер ичинен 25ти тандап, парламентке жөнөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG