Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

БУУ менен Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Дамаскка барды


Бул - Лахдар Брахиминин чабармандык кызматка киришкенден берки алгачкы визити.

Ал бүгүн Дамаскта Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем менен кездешет.

Сирия Тышкы иштер министрлигинин кабарында Брахими президент Башар Асад менен жолугабы, же жокпу - бул айтылган эмес.

Брахими чабармандык кызматта БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннанды алмаштырган. Аннан Сирияда тынчтык орнотуу планы ишке ашпай калган соң өткөн айда кызматынан чегинген.

Сириялык активисттердин эсебинде, президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң былтыр мартта башталгандан бери өлкөдө 27 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG