Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Ошто жер силкинди


Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн түнкү саат эки жарымдар чамасында күчү 4 балл болгон жер титирөө катталды. Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн күчү Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Ош шаарларында 3 балл, Кочкор-Ата шаарында 2.5, Жалал-Абад шаарында 2 балл болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

11-сентябрда Жалал-Абад облусунда жер титиреп, Аксы районундагы эки мектептин дубалдарынан майда жарака кетип, айнектери сынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG