Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Оппозициялык фракциялардын жыйыны болбой калды


Парламенттеги “Ата Журт” жана “Республика” фракцияларынан турган “Мыйзамдуулук жана адилеттик” деп аталган оппозициялык коалициянын жыйыны кийинки аптага жылдырылды. “Ата Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун “Азаттыкка” айтымында, жыйын “Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов шашылыш сапарга кеткендигине жана айрым депутаттар аймактарда жүргөндүгүнө байланыштуу жылдырылды. Оппозициялык фракциялар бүгүн келишимдин жоболорун талкуулап, кол коюшары айтылган.

Жогорку Кеңеште оппозициялык биримдик түзүлгөнү тууралуу маалымат КСДП, “Ата-Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынан турган көпчүлүк коалиция түзүлгөн соң 3-сентябрда жарыяланган болчу. (KЕ)

XS
SM
MD
LG