Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Мамдума оппозициячыл депутатты мандатынан ажыратты


Мандатынан ажыраган депутат эми Жогорку Сотко кайрылат
Мандатынан ажыраган депутат эми Жогорку Сотко кайрылат
Орусиянын Мамдумасы бүгүн добуш берүү менен солчул «Акыйкат Орусия» фракциясынын мүчөсү, президент Владимир Путиндин саясатын катуу сындаган депутат Геннадий Гудковду мандатынан ажыратты. Мамдуманын 291 депутаты Гудковдун мандатынан ажыратылышына макул деп добуш берсе, 150 депутат каршы добуш берди. Ачык добуш берүүдө бийликчил «Бирдиктүү Орусия» фракциясынан жалгыз гана Станислав Говорухин каршы добуш берди. Гудковду Башкы прокуратура «депутаттык макамы менен шайкеш келбеген коммерциялык иштерге аралашкан» деп күнөөлөп, Мамдумадан аны мандатынан ажыратып берүүнү сураган.

«Акыйкат Орусия» партиясынан депутат Гудков бул чечимди “саясий буйрук” катары баалап, Путин "чекесине чыккан чыйкандарды жок кылууга өткөнүн" айтты. Гудков 15-сентябрга белгиленген уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири.

XS
SM
MD
LG