Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Атамбаев менен Путин телефондон сүйлөштү


14-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, Путиндин 20-сентябрда Кыргызстанга боло турган сапарынын планын жана уюштуруу иштерин талкуулашты. Бул тууралуу кабарлаган президенттин маалыматтык саясат бөлүмү “жолугушууда кол коюла турган маанилүү келишимдерге даярдык эки тарапты тең канааттандырууда” деп кошумчалады.

Телефондо сүйлөшүү учурунда КМШдагы интеграциялашуу боюнча да кеп козголду.
20-сентябрда Владимир Путиндин Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келет. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы экономикалык, аскердик жана КМШдагы интеграциялашуу маселелери талкууланып, эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Быйыл Орусия менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 20 жыл толду. (AKu)

XS
SM
MD
LG