Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Медведев Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу буйрук чыгарды


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев 14-сентябрда Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадын куруу жана ишке киргизүү боюнча орус-кыргыз өкмөттөрүнүн арасында келишимге кол коюу тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Энергетика министрлиги жана башка органдары түзгөн кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим тууралуу долбоор колдоого ээ болду.

Медведев Орусиянын Энергетика министрлигине Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте кыргыз өкмөтү менен макулдашып, жыйынтыгында келишимге кол коюуну тапшырды.

2009-жылы кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашып, кийин курулуш токтоп калган. Аталган ГЭСтин эки өлкө арасында бөлүштүрүлө турган үлүшү да талкууланып келатат. Эми эки тарап Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадын куруу боюнча макулдашып жатышат. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG