Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Атамбаев Жогорку Соттун жаңы судьялары менен жолукту


15-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Жогорку Сотунун жаңы курамы менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышты.

Ушул жылдын июнь айында Жогорку Соттун судьяларынын ордуна сынак жарыяланган. Сотторду тандоо кеңеши үч айлампалуу тандоодон өткөн 32 талапкерди президентке сунуштаган. Президент алардын 25ин өткөрүп, аны парламент бекитти.

Жогорку Соттун курамы 35 судьядан турат. Алар сот системасын реформалоонун негизинде кайра тандалды. (AKu)

XS
SM
MD
LG